Талас облусу боюнча 2024-жылдын 4 айда республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 65,1 млн сом өлчөмүндө каржыланган.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
теңдөөчү трансферт – 58,1 млн сом;
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,7 млн сом;
электр энергияга болгон 50% компенсациясына – 1,3 млн сом;
Мындан тышкары, Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен- 57,1 млн сом бөлүнүп берилди.