Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 4 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала баалаганда 808 млрд сомду түздү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 4,2 пайызга өскөн. Айрыкча көрсөткүч тейлөө тармагы, өнөр жай, айыл чарбасынын үлүшү, курулуш тармактары менен камсыздалган.