Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2023- жылдын январь-июлунда 563 млрд. жакын сомду түздү.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9%га жогору.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,6% өстү.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,4%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 27,6% түзүп, 3,5 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайыздык пунктка, айыл чарбасы 1,2 пайыздык пунктка жана курулушта 0,2 пайыздык пунктка төмөндөгөн.