Япондор дагы жылмайганды үйрөнүшөт. Өлкөдө бул жөндөмдү калыбына келтирүүгө атайын курстар пайда болду.
Буга чейин төрт миңден ашык адам атайын курстарга барышкан. Программада интенсивдүү көнүгүүлөр бар. Көмөкчү курал катары күзгү колдонулат.
Японияда үч жылдан бери беткап режими болгон. Ал жакында эле жокко чыгарылды. Бирок баары эле кадимки жашоосуна оңой кайтып келе алышкан жок. Көптөр жылмайганды унутуп калганын моюнга алышты.