Жылкылар тууралуу кызыктуу фактылар

Автор

1. Жылкынын орточо жашоосу болжол менен 25-30 жыл болот.
2. Ат адамдын үнүндөгү эмоцияны тааный алат.
3. Аттар башка аттарды фото жана сүрөттөрдөн тааный алат.
4. Жылкылардын эс-тутумдары мыкты. Алар жамандык кылгандарды өмүр бою эстеп жүрүшү мүмкүн, бирок досторун да унутушпайт.
5. Ат чабандес менен эң бийик секирүү 1949-жылы расмий катталган, анын бийиктиги 2 метр 47 сантиметр болгон.
6. Аттар түстүү түш көрүшөт.
7. Жыйырмадан ашык элдин маданиятында жылкы ыйык жаныбар катары эсептелет.
8. Бул жаныбарлар тик туруп уктаганды жакшы билишет.
9. Бир жылкынын расмий катталган максималдуу салмагы 1520 кг. Бул Шимшон деген айгыр болчу, ал жөн эле чоң жана булчуңдуу, бирок семиз эмес болчу.
10. Жапайы жылкылардын үйүрүндө лидер эркек же ургаачы болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Венгриянын парламенти Швециянын НАТОго кошулушун жактырды

Венгриянын Мамлекеттик Ассамблеясы (парламент) Швециянын НАТОго кирүү жөнүндөгү арызын ратификациялады. 26-февралдагы жыйында бул чечимге 188 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Венгриянын парламентинде бардыгы болуп 199 депутат бар. Венгрия Швециянын блокко кошулуусу үчүн макулдугу зарыл болгон НАТОнун акыркы өлкөсү болчу. Эми расмий процедуралар аяктагандан кийин Швеция НАТОнун 32-мүчөсү болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн