Жылкылар тууралуу кызыктуу фактылар

Автор

1. Жылкынын орточо жашоосу болжол менен 25-30 жыл болот.
2. Ат адамдын үнүндөгү эмоцияны тааный алат.
3. Аттар башка аттарды фото жана сүрөттөрдөн тааный алат.
4. Жылкылардын эс-тутумдары мыкты. Алар жамандык кылгандарды өмүр бою эстеп жүрүшү мүмкүн, бирок досторун да унутушпайт.
5. Ат чабандес менен эң бийик секирүү 1949-жылы расмий катталган, анын бийиктиги 2 метр 47 сантиметр болгон.
6. Аттар түстүү түш көрүшөт.
7. Жыйырмадан ашык элдин маданиятында жылкы ыйык жаныбар катары эсептелет.
8. Бул жаныбарлар тик туруп уктаганды жакшы билишет.
9. Бир жылкынын расмий катталган максималдуу салмагы 1520 кг. Бул Шимшон деген айгыр болчу, ал жөн эле чоң жана булчуңдуу, бирок семиз эмес болчу.
10. Жапайы жылкылардын үйүрүндө лидер эркек же ургаачы болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Гречка же овсянка? Кайсынысы ден соолука пайдалуураак?

Гречка же овсянка? Кайсынысы ден соолука пайдалуураак. Овсянка курамында болжол менен 12% белок, 65% углевод, 5,8% баалуу өсүмдүк майлары (гречкага караганда дээрлик эки эсе көп). -овсянка ичеги-карын жолдорунун көптөгөн ооруларына пайдалуу. Ал ашказандын былжыр челине оң таасирин тийгизет, гастрит же жарадан келип чыккан шишиктен жана оорудан сактайт, – деп түшүндүрөт […]

You May Like