“Жылдын мыкты мугалими – 2024” сынактын баш байгесин ким алды?Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Автор

Бишкекте бүгүн, 4-сентябрда “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөндөгү мугалимдер жеңүүчү деп табылды.
– Баш байге – “Жылдын мыкты мугалими” – Каныбекова Назгүл Каныбековна;
– Мыкты башталгыч класстардын мугалими – Балтабаева Гүлнур Маматовна;
– Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Рыскелдиева Атыркүл Зарлыковна;
– Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Алмаз кызы Мээрим;
– Мыкты математика мугалими – Жумукова Бүбүайша Жусуповна;
– Мыкты тарых мугалими – Заидов Азирет Манасович;
– Мыкты чет тил мугалими – Калтаева Чолпон Иманбековна;
– Мыкты география мугалими – Марат уулу Нуристан;
– “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мыкты мугалими – Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна;
– Мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Байдалиев Мирзат Шаяхмедович.

Иш-чара Кара- Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн өтөт

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган Россияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн жана пландалган иш сапарлардын алкагында алдыдагы биргелешкен […]

Сизге жагышы мүмкүн