«Жылдын мыкты мектеби» сынагынын жеңүүчүсү аталды

Автор

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби “Жылдын мыкты мектеби – 2024” аталып, 300 000 сомдук сертификат менен сыйланды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка жалпысынан 122 мектеп катышкан. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы №69 ОТКнын базасында өтүп, тандоого катышкан бардык мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты.
Эскерте кетсек, «Жылдын мыкты мектеби» сынагына утурлай, учурда “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы өтүп жатат. Сынакка жалпы 128 мугалим катышып, анын ичинен 25 мугалим экинчи турда ат салышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда канча миллиардер бар? Президенттин жообу

Кыргызстанда доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионер бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде айтты. Мамлекет башчысы алардын көпчүлүгү акчасын офшорлордо сакташарын, бирок бүгүнкү күнгө чейин каражатын өлкөгө толук алып кирише электигин, айрымдары алып келип, курулуш тармагына салып жатышканын билдирди. Садыр Жапаров миллионерлерди өлкөгө акча […]

Сизге жагышы мүмкүн