Жылдыз Полотова эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Автор

Жылдыз Полотова эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Полотова Жылдыз Арстанбековна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысы тынчтык саммитине барбайт

Швейцарияда өтүүчү Украина боюнча тынчтык саммитине БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышпайт, бирок, уюм катышат. Бул тууралуу башкы катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг учурунда билдирди. Анын ордуна Гутерреш тийиштүү деңгээлде делегацияны жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Швейцариядагы тынчтык саммити 15-16-июнь күндөрү өтөт. 80ден ашык мамлекеттер конференцияга катышууну ырасташты, анын ичинде АКШ, Германия, […]

Сизге жагышы мүмкүн