“Сизге кажыбас кайрат каалайм, бул азыр сизге аябай керек”,- деди белгилүү журналист Жылдыз Муслимова депутат Адахан Мадумаровго. ” Эми баш канжыгада. Чындык учурда жылаңач турганы менен ал өзүн өзү сактап калат. Бирок, кырчылдашкан мезгилде улам алмаз же, жапондордун кылычы сыяктуу бир отко, бир сууга түшкөндөй курчуңуз. Кандай болгондо да, данышмандык менен курчушуңуз керек”,- деген тилегин билдирди ал.