Депутаттык комиссиянын “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” жыйынында депутат Шайлообек Атазов комиссиянын орун басары Нилуфар Алимжановага сөз бергенде Кесиптик бирликтин төрагасы Эмил Кызаев “сиз кимсиз, кайсы уюмдансыз” дегенде жаңжал чыкты. Депутат Нилуфар Алимжанова “сиз эмне көңүл бурбай отурасыз же, жаш деп мени кемсинтип атасызбы? Өзү сиз эмне иш кыласыз”, -деп какты. Эмил Кызаев жооп берейин деди эле депутаттар сүйлөтпөй коюшту. Депутат Алишер Эрбаев болсо, кызмат ордун кароо боюнча президентке сунуш берүү демилгесин көтөрүп, “силер бардык обьектилерди сатып жепсиңер”, – деп урушту.