Министр Адымкадыр Бейшеналиевдин кошёлогу делген саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдрахманов депутаттын айыптоосуна жооп кайтарды.
“Бул карандай калп жана жалаа. Чындыкка такыр дал келбейт. Депутаттын колунда далили болсо, берген адам менен мени беттештирсин”,- деди. Кечээ “Кабар” маалымат агенттигинде президенттин кезектеги маеги жарыяланып, “эгер депутаттын айтканы далилденсе, Алымкадыр Бейшеналиев жоопко тартылат. Далилденбесе, анда депутаттын өзүнө жаза беребиз. Ар ким ар нерсени айта берсе, болмок беле”,- деген.