Журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты

Автор

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Адыл Акжол уулунуа Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган. Тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу сот 9-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп, тергөө абагынан бошоткон.

Ушул жылдын сентябр айынын башында Ош облустук милициясы быйыл 22-июль күнү Ысык-Көл облусунун тургуну УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 8-июлдан бери Адыл Акжол уулу жеке ишкананага байланыштуу тартылган видео тасманы өчүрүү үчүн олуттуу өлчөмдө акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган.
Адыл Акжол уулу кармалганы 12-августта белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Алма уксусунун зыяны

Италияда алма уксусу салаттарга кошулат, Кореяда – фо-бо шорпосу, Японияда суши күрүчү ансыз жасай албайт. Алма эмульсиясынын пайдасы тууралуу кептер көп, ал тамак жасоодо гана эмес, сулуулук каражаты катары да колдонулат. Бирок бул продукт коопсузбу? Жалпы практикалык дарыгерлер алма сиркесин өтө кылдаттык менен кабыл алуу керек деп эсептешет. Адистердин айтымында, […]

Сизге жагышы мүмкүн