Чет элдик журналисттер Россиянын орто аралыктагы баллистикалык «Орешник» ракетасынын калдыктарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул ракета менен Днепропетровсктеги «Южмаш» заводуна сокку урулган. Ракетанын сыныктарын изилдөө иштери уланып жатканын Reuters агенттиги кабарлады.
Макалада коопсуздук себептери боюнча журналисттерден объектинин жайгашкан жерин ачыктабоо өтүнүлгөнү айтылат. Азыркы учурда «Орешник» ракетасынын сыныктары атайын жайда сакталып, ошол жерде экспертиза жүргүзүлөт. Анализ учурунда украиналык адистер бул баллистикалык ракетанын өндүрүшүнө байланыштуу маалыматтарды билүүгө үмүттөнүшүүдө.