Журналисттердин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Автор

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык соту камакта отурган 2 журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартты.
Алар Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси делген Махабат Тажибек кызы менен “Айт, айт десе” долбоорунун журналисти Азамат Ишенбеков.
Журналисттердин жактоочусу алардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранып, шаардык сотко кайрылган эле.
Белгилүү болгондой, 10-октябрь күнү борбор калаанын Ленин райондук соту аталган журналисттерди 5 жылга түрмөгө кескен.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев: "А. Мадумаров тилинин азабын дагы тартат"

Бүгүн, 31-октябрда Ноокат районунда төрт тилкелүү унаа жолдун ачылышы болуп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаев, Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев жана жоон топ чиновниктер катышышты. Ачылуу аземинде Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, саясатчы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды. “Президентке сен кимсиң дептир? Эгер президентти сыйлай албасак кандай элбиз? […]

Сизге жагышы мүмкүн