“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын төмөнкү кызматтарды ээлеген кызматкерлери иштен бошотулду:
– Инженер-энергетик;
– Пландык-экономикалык бөлүмдүн башчысы;
– Башкы бухгалтер;
– Диспетчер.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда видео тарап, анда белгисиз аял күйөөсүнүн жумушуна келип, жаңжал чыгаргандыгын көрүүгө болот. Ошону менен бирге видеодо кызматкерлер жумуш ордунда ичимдик ичип отургандыгы көрүнүп турат.