Жумуртканы импорттоого убактылуу тыюу салынабы?

Автор

Кыргызстанда тооктун жумурткасын импорттоого убактылуу — алты айга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, токтом долбоорунун максаты, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүккө рыноктук бааны турукташтыруу болуп саналат.
“Кыргызстанда акыркы эки жылда канаттууларды өстүрүүдө интенсивдүү өсүш байкалып, жумуртка чыгарууда жергиликтүү өндүрүш болжол менен эки эсе өстү. Мындан тышкары жай-күз мезгилинде үй чарбаларында жумуртка өндүрүүнүн олуттуу өсүшү байкалат. Ушуга жараша бул мезгилде жумуртканын сактоо мөөнөтү кыскарат жана жумуртка кампаларда ашыгы менен толот. Ошондой эле бул мезгилде талапка ылайык сактоого жатпаган, азык-түлүк коопсуздугунун сапаты талапка ылайык жооп бербеген тооктун жумурткасын өлкөгө ташып келүү коркунучу күчөйт. Ветеринардык көзөмөл начар болгон өлкөлөрдөн тооктун жумурткасын ташып келүү (импорт) калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурган куш тумоосу жана сальмонеллез сыяктуу инфекциялардын жана оорулардын жайылышына алып келиши мүмкүн”, – деп айтылат токтом долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Бөлүшүү:
Next Post

Акыркы коңгуроого карата окуучулардын коопсуздугу көзөмөлгө алынат

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева балдардын коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн өткөрүлдү. Анда министр ар кандай иш-чараларды билим берүү уюмдарынын аймагында гана өткөрүүнү жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Ошондой эле Догдуркүл […]

Сизге жагышы мүмкүн