Жумгалда 9 жашар баланы издөө иши уланууда.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Көкөмерен дарыясынан издөө иштерин координациялоого Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылды.
Белгилей кетсек, Өрнөк айылынын мал кайтарууга кеткен тургундары 19-октябрдан бери изделип жаткан. Учурда баланын сөөгү дале табыла элек. Ал эми 14-ноябрда атасынын сөөгү туугандары тарабынан табылган.