Жумгалда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү

Автор

Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-октябрда издөө иштерин жүргүзүүгө 42 куткаруучу, 35 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам, 6 дрон тартылды.
Эскерте кетсек, 16-октябрда Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, кайтып келген эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган 200дөн ашык террорист жок кылынганын билдирди

23-октябрда Анкарада болгон теракттан кийин 213 террорист жок кылынды. Бул тууралуу 28-октябрда Түркиянын президенти Эрдогандын сөзүн TRT Haber телеканалы маалымдады. «Теракттан кийин Сирия жана Ирактагы террористтик уюмдардын 470 бутага так соккулар жасалды. Жалпысынан теракт үчүн жооптуу кылмышкерлерди кошкондо 213 террорист зыянсыздандырылды»,-деп жазылган билдирүүдө. Түркиянын лидери бул иштерге Түркиянын Куралдуу күчтөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн