Бүгүн, 30-октябрда Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин улантуу үчүн министрликтин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаевдин жетекчилигинде жалпы 104 адам 9 дрон менен чыгышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган.
Белгиленгендей, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, Нарын облустук башкармалыгынан жана ага караштуу райондордун куткаруучулары жеринде издөө иштерин алып барышат. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыгышты.
Тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп, жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.