Жулиан Ассанж Британиядагы түрмөдөн бошотулду

Автор

WikiLeaks сайтын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Британиядагы катуу режимдеги Белмарш түрмөсүнөн бошотулду. Бул тууралуу WikiLeaks социалдык тармактагы X аккаунтунда кабарлады.
Кабарда Лондон Жогорку соту Ассанждын күрөө менен бошотулганын белгиленет. Ал Станстед аэропортунан Австралияга учуп кеткен, ал жерде аялы жана балдары менен жолугушат.
Бошотуу кабарынан мурда, Ассанж АКШнын Юстиция министрлиги менен жарым-жартылай күнөөсүн моюнга алуу тууралуу келишим түзүүгө даярданып жаткандыгы тууралуу жаңылыктар чыккан. WikiLeaks бул маалыматты тастыктап, келишимдин дагы расмий бүтө электигин кошумчалады.
WikiLeaks ишмердүүлүгү аркылуу дүйнө, өзгөчө, АКШнын Афганистандагы аракеттерине тиешелүү бир катар жашыруун документтер тууралуу билген. 2012-жылдын июнунан баштап Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинин аймагында жашап келген.
2019-жылдын апрелинде Эквадор аны дипломатиялык башпаанектен ажыраткандан кийин британ полициясы тарабынан кармалган. Ошондон бери ал Белмарш катуу режимдеги түрмөсүндө камалып, 1901 күн бою АКШга экстрадициялоо аракеттерине каршы турган.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткенде миңден ашык тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү

Баткенде селден улам 1 миңден ашык жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев, бүгүн эрте менен саат 07:00дө сел кесепеттерин жоюу боюнча район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү. Облус башчысы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн