Жулиан Ассанжга каршы иш токтотулду

Автор

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Ассанж тыңчылык айыбы боюнча АКШ бийликтери менен келишим түзгөндөн кийин бошотулду. Ага каршы иш токтотулду.
АКШнын Сайпан аралындагы Федералдык округдук сотунун судьясы WikiLeaks сайтын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж жана Юстиция министрлиги ортосундагы келишимди жактырды. Сот журналистти Улуу Британиядагы түрмөдө өткөргөн мөөнөтүнө соттоп, иштин жабылганын жарыялады.
Өкүмдү окуп жатып, сот Жулиан Ассанж Улуу Британиядагы эң катаал мекемелердин биринде же Белмарш түрмөсүндө беш жылдай отурганын белгиледи.
«Сиздин 62 айыңыз чыныгы түрмө мөөнөтүнө адилеттүү, акылга сыярлык жана пропорционалдуу болгон көрүнөт. Ушул себептерден улам, мен сизди факты түрдө өткөргөн мөөнөтүңүзгө соттойм»,-деп жыйынтыктады судья. «Сиз бул сот залынан эркин адам болуп чыга турганыңыз көрүнүп турат»,-деп кошумчалады ал.
Өкүм жарыялангандан кийин Ассанждан келишимдин бардык шарттарын түшүнгөнүн дагы бир жолу сурашты. Ал бул суроого ооба жооп берди.
«Коркутуучу прецедент жараткан нерсе – бул айыптоо болду. Бүгүн сот анын жарыялаганы эч кандай зыян келтирбегенин аныктады. Биз алардын басма сөздө чагылдырууга татыктуу экенин билебиз, биз аларды дүйнөнүн бардык ири маалымат агенттиктери цитата кылганын билебиз жана биз алардын маанилүү маалыматтарды ачыкка чыгарганын билебиз. Бул журналистика деп аталат»,-деп билдирди адвокаттар сот жыйынынан кийин журналисттерге.
Коргоо тарап ошондой эле WikiLeaks иши улантыла турганын жана Жулиан Ассанж «сөз эркиндиги жана өкмөттүн ачык-айкындуулугу үчүн күрөшүүнү уланта берет» деп билдирди. Адвокат Женнифер Робинсон келишимди түзүүгө жардам көрсөткөнү үчүн Австралия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Журналист өзү сот имаратынан чыгып бара жатып, ЖМКларга комментарий берүүдөн баш тартты.
Жулиан Ассанж — жашыруун жана конфиденциалдуу маалыматтарды жарыялоого адистешкен WikiLeaksтин негиздөөчүсү жана австралиялык журналист. 2010-жылы сайтта АКШнын Ирак жана Афганистандагы аракеттерине байланыштуу материалдар жарыяланган. Буга байланыштуу АКШ ага тыңчылык мыйзамды бузуу боюнча 18 пункт боюнча айып койгон. Журналистти 175 жылга эркинен ажыраттуу коркунучу болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кубанычбек Бөкөнтаев кызматтан кетүү чечимин өзү кабыл алгандыгы айтылды

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасын кызматтан кетүүсүнө макул болду. Бул тууралуу маселе бүгүн, 26-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралды. Жыйында депутат Гуля Ахматкулова Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин кызматтан кетүүсүнө эмне себеп болгонун сурап, “анын жыйынга келбей калганы түшүнүктүү деңизчи. Отставкасы боюнча өзүнөн сурасак жакшы болмок. Бирок, өлкө жетекчиси аны мактап […]

Сизге жагышы мүмкүн