Жо Байден президенттик жарыштан чыгуу себебин түшүндүрдү

Автор

АКШнын президенти Байдендин айтымында Конгресстеги шайлоодо Демократиялык партияга залакасын тийгизгиси келбегендиктен талапкерлигин алып салган.
«Сурамжылоолор боюнча, бул акыркы мүнөттөргө чейин улана турган татаал жарыш болмок. Бирок менин айрым кесиптештерим, Өкүлдөр палатасында жана Сенаттагы демократтар, мен аларга зыян келтиришим мүмкүн деп ойлошкон»,-деди Жо Байден CBS News телеканалына берген маегинде.
Учурдагы АКШ президенти демократияны сактап калуу анын башкы максаты экенин кошумчалап, республикачыл Дональд Трампты жеңүү үчүн күрөшүүгө ниеттенгенин белгиледи.
21-июлда Жо Байден алдыдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартуу чечимин жарыялаган. Ордуна Демократиялык партиянын талапкери катары азыркы АКШнын вице-президенти Камала Харрис шайлоого катышат. Президентти шайлоо 5-ноябрда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдөн 28 миң тонна таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн быйыл жыл башынан бери алты тоннадай акыр-чикир, 40 миң метр балык кармоочу тор чыгарылды. Былтыр болсо жалпысынан 22,5 миң тоннадан ашык таштанды, 218 миң метрдей тор алынып чыккан. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди. Маалыматка ылайык, учурда мыйзам менен тыюу салынганына карабастан браконьерлик, көлдү булгоо уланып жатканын белгиледи. «Адистер белгилегендей, […]

Сизге жагышы мүмкүн