Жо Байден кайрадан чалынып жыгылды

Автор

Филадельфияда иш-чара учурунда 80 жаштагы америкалык лидер Джо Байден кичинекей тепкич менен чыгып бара жатып, кайра чалынып, жыгылып кете жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

Маалыматка ылайык, Байден беш тепкичке көтөрүлө албай, эки жолу чалынып, бирок темир торду кармап бутуна турду.

Джо Байден дайыма тайгаланып, эл алдында ыңгайсыз кырдаалдарга туш болуп, анын психикалык жана физикалык ден соолугунун начардыгы жөнүндө талаш-тартыштарды жаратат.

Эске салсак, июнда Байден АКШнын Колорадо штатындагы Аскердик-аба күчтөрү академиясынын курсанттарына бүтүрүү аземинде бутунун алдында турган кутучага чалынып жыгылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Айванын организмге пайдалары

Мөмө-жемиштер биринчи кезекте адамдын организми үчүн өтө зарыл болгон пайдалуу заттарга жана витаминдерге бай болгондугу үчүн абдан зарыл. Айва витамини С жана темирди көп камтыйт, ошондуктан аны көбүнчө “темир” жемиш деп аташат.  Жемишти бир  жеген адам күнүмдүк керектелүүчү жез менен темирди алат. Айва аз кандуулуктун алдын алуу жана дарылоо үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн