Жол четинде бензин, көмүр саткандар токтотулат

Автор

“Чүйдүн “Обьездной” аймагында жол четинде туруп алышып, контрабандалык бензиндерди сатып атышат. Туризмди өнүктүрөбүз дейбиз, ал аймактарды сырттан келген коноктор аралап өтүшөт”,- деди вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.
Ал жол четиндеги башаламан сатылып жаткан көмүрлөр боюнча да, сөз козгоду. “Көмүр кампалар ачылды деп жатышпады беле? Көмүр саткандарды ошол жакка жайгаштырыш керек, Чүйдүн губернаторуна айтабызбы, кандай кылабыз? Уят да, 90-жылдагы абалга кайра түшпөйлү да, ушуну айтып коюңузчу”,-деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ревмaтизм деген эмне?

Ревматизм – муундарга, булчуңдарга жана тутумдаштыргыч ткандарга таасир этүүчү сезгенүү оорулары тобунун жалпы термини болуп саналат. Классикалык мисал – ревматоиддик артритти айта алабыз. Ревматизмдин негизги белгилери: 1. Муундар – өзгөчө кол, тизе, буттар ооруйт. 2. Муундардын шишип, кызарышы. 3. Чектелген кыймыл жана катуулугу, өзгөчө эртең менен. 4. Чарчоонун күчөшү жана […]

Сизге жагышы мүмкүн