Жол тыгын чечилген жок, кайра көбөйдү

Автор

“Өкмөттө мындай эксперименттерди кимдер кылып жатат өзү? Мына, коомдук транспорт жетишпейт, троллейбус жок. Эл болсо, убагында окууга же, ишке келалбай жатат. Шаар тургундары нааразы болуп жатышат. Качан коомдук транспорт боюнча кемчилик жоюлат”,- деп сурады өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн Дастан Бекешов.
Ал жаңы салынган автобекет, тыгындар, жаңы конуштардын тургундарынын шаарга келип кетүүсүндөгү көйгөйлөрдү айтып, “студенттердин окуусун мурдагы калыбына келтирип койгулачы. Алар үйлөрүнө түнү кайтып атышат. Жол тыгын чечилген жок, кайра көбөйдү”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 13-14-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Республиканын […]

Сизге жагышы мүмкүн