Ушул жылы өлкөбүздүн жолдорун оңдоп-түзөөгө жана салууга 6 млрд сом бөлүнгөн. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев таратты.
Ал Транспорт министрлигине 84 бирдик атайын техниканы тапшырып жатып,
«ушул жылдын аягына чейин өлкө аймагы боюнча 855 чакырым жол куруу жана оңдоо иштери каралган. 587 чакырымга асфальт төшөлүп, 178 чакырым жол тегизделиши керек. Ал эми 90 чакырымына шагыл төгүлөт», — деди ал.