Жол кырсыктарынын 92% айдоочулардын күнөөсү менен коштолот

Автор

Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кырсыктар төмөнкү фактылар менен коштолууда:
-каттуу ылдамдыкта айдоо;
-карама-каршы тилкелерге чыгуу;
-алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, озуп өтүүдө же маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук сактабоо;
-мас абалында унаа башкаруу;
-кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербөө;
-унаа башкаруу учурунда уктап калуу.

ЖКККББ айдоочуларды өзүнүн жана өзгөлөрдүн коопсуздугу үчүн жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоого чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Тажикстан менен Россия миграция маселесин талкуулайт

КМШга мүчө-мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында Россия менен Тажикстандын миграциялык ведомстволору эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Иш-чара 28-майда Дүйшөмбү шаарында өтөт. Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү да катышат. 29-апрелде Тажикстан тажик жарандарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу Россияга нааразылык билдирген. 9-майда Москвада Россия менен Тажикстандын президенттери жолугушту. […]

Сизге жагышы мүмкүн