Бишкек мэриясы жол кирени 22 сомго чыгарууну пландап жатабы? Шаар жетекчилиги Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнөн улам жол акыны көбөйтүү маселесин карашы мүмкүн экендиги айтылууда. Анткен менен жол акысын көтөрүү шаар тургундарынын жашоосун андан бетер начарлатып, көп балалуу үй-бүлөлөр балдарын мектепке жөнөтө албай калышаары эскертилүүдө. Шаар бийлиги эл менен эсептешпесе, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, аялуу катмарлар, энелер жана активисттер президентке кайрылуу жолдошот.