Жол киренин жаңы тарифи аныкталды

Автор

Бишкекте автобус жана троллейбустарда жол кире накталай эмес төлөм болгон учурда 17 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, накталай төлөсө жүргүнчү 20 сом төлөшү керек болот.
Сазыкулов белгилегендей, октябрь айында мэрия долбоорду БГКга тапшырганда жол кире акысын 20 жана 25 сом деп белгилөө сунушталган. Бирок, коомдук талкууну эске алып, тарифти өздүк наркынан 20 сомдон көтөрбөөнү чечкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы жылдан баштап пенсия жогорулайт

Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган. Бул тууралуу маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда. “2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, — деп кошумчалады ал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн