КАРА КУЖУР
Асмандын бир тарабы жайдак калып
чаалыккан булуттун кербендери.
Августтун күнү үргүлөп салмактанып,
шылкыят боз адырдын эрмендери.
Дарыя күмүш үнүн жашыралбай,
аркайган арык жонун каржактатып,
сай ылдый бүткөн боюн батыралбай,
тынымсыз өзүн өзү жатат ташып.
Кыялай чайыр жолдо жалгыз аяк,
ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө.
Кыраңда ак жоолукчан апам калат,
муңайым сагынч катып көздөрүнө.
Жанында кичүү иним жаңы баскан,
быйтыйган колун булгайт кубанычтуу.
Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан,
өмүрдө узун-кыска аралыкты.
Автобус узап кетип. Чоң калаадан
кат жазам “…аман жеттим, силер кандай?..”
Ортодо булут ташып тынчсыз асман,
ортодо суулар үнүн жашыралбай…
1975-ж.
ЫСЫК-КӨЛДӨ ТОЛГОН АЙ
Кудум күмүш табактай,
Көл түбүндө ай жатат.
Кубалашкан чабактар
Айдын жүзүн чаңдатат.
Күмүш суунун түбүндө
Күмүш түспөл чабактар.
Күмүш айдын үнүндөй
Күмүш толкун агат жай.
Күмүш толкун дирилдеп
Кудум күмүш тарактай,
Күмүш көлдүн түбүндө
Күмүш айды тарайт жай.
* * *
Жалгыз тамчы шүүдүрүмдүн жүзүндө,
Көрдүм көктүн түбү чөгүп жатканын.
Жалгыз тамчы кирпигимден үзүлбө –
Жерге тамып калбаса дейм асманым.
Жалгыз тамчы бетиндеги көгүш төр,
Көк асмандын чагылышкан түбүдүр.
Көз чанагым көөмп турган кайсы көл?
Жалгыз тамчы – шүүдүрүмүдүр сүйүүнүн.