Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев жолдор боюнча маселе көтөрдү.
Депутат Аманкан Кенжебаев маалымдагандай, титулга кирген жолдор оңдолбой, жолдордун оюлган жери дале болсун жамалбай жатат. Ишканалар каражат бөлүнбөгөнүн билдиришүүдө. “Транспорт же, финансы министрлиги акчаны бөлбөй жатабы? Ушул жагын тактап берсинчи, өкмөт. Мына кыш келатат. Сокулукта жолдор оңдолгон жок”,- деп билдирди депутат.