Асфальт менен бетондун температурасы анын айланасындагы ысыкка маанилүү роль ойноодо. Жолдор күн энергиясынын 95 пайызына чейин соруп, андан соң абага жылуулук берип, жалпы температурасын жогорулатып жатат.
Бул менен күрөшүү үчүн, америкалык иштеп чыгуучулар салкын жабууну сунушташууда. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай жабуу кадимки асфальтка караганда 5-6 градуска муздак.
Мындай инновациялар аркылуу шаарды салкын кылып, жылуулуктун таасирин азайтууга үмүттөнүүдө.