Жоламан Шаршенбеков жеке машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди

Автор

Кыргыздын дүйнөгө белгилүү спортчусу Жоламан Шаршенбеков жеке машыктыруучусу Хаким Махмудовго ыраазычылык билдирди. Ал Инстаграмдагы баракчасына минтип жазган:
“2008-жылы мен жаш, жөнөкөй бала Таластан Бишкекке келип, Аллах Тааланын каалоосу менен Махмудов Хакимдин күрөш залына келип калдым. Ошондо мен машыктыруучунун көзөмөлү астында кандай бийиктиктерге жетеримди элестете да алган эмесмин.
Күрөш боюнча жеке машыктыруучум Хаким Махмудовго чоң ыраазычылык билдиргим келет. Сиздин билимиңиз, чыдамкайлыгыңыз, тарбияңыз жана колдооңуз мени профессионал спортчу катары гана эмес, инсан катары да калыптануума чоң салым кошту.
Окуучуларыңыздын ар бир жеңиши сиздин талыкпаган эмгегиңиздин жана берилгендигиңиздин натыйжасы. Ар бир машыгуу үчүн чоң рахмат, жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам берип, билимиңизди жана күчүңүздү жумшаганыңызга ыраазычылык билдирем!”, – деп жазган Шаршенбеков.

Бөлүшүү:
Next Post

Афганистан учактар боюнча АКШнын чечимин кабыл алынгыс деп атады

Афганистандын Коргоо министрлиги 2021-жылдын август айында республикадан чыгарылып кеткен учактар менен тик учактарды Өзбекстанга берүү жөнүндө АКШ бийлигинин чечимин кабыл алынгыс деп атады. Бул тууралуу мекеменин расмий Telegram-каналында маалымдады. «Өзбекстан өкмөтүн бул маселе боюнча кандайдыр бир келишимден баш тартат деп күтүлүүдө. Жакын коңшулук мамилелерди эске алып, акылдуу чечим кабыл алып, […]

Сизге жагышы мүмкүн