Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Автор

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча жарыяланды.

Белградда Шаршенбеков алтын медаль тагынган. Бул жыйынтык менен балбан 100 миң рейтингдик упайга ээ болуп, 60 килограммга чейинки салмак категориясында 1-орунга көтөрүлдү.

Мындан тышкары Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

26-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-сентябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,   Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.   […]

Сизге жагышы мүмкүн