ЖОЖдорго кабыл алуунун V айлампасы башталды

Автор

Бүгүн, 14-августта жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, абитуриенттерди каттоо 16-август күнү саат 14:00до аяктайт.

«ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мавзолейге кол салууда бир адам көз жумду

13-августта Ирандын түштүгүндөгү Шираз шаарында теракт болуп, жергиликтүүлөр ыйык деп эсептеген Шах-Черах мавзолейине белгисиз бирөө ок чыгарган. Окуяда бир адам курман болсо, жети киши жарадар болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салган киши мавзолейдин дарбазасында күзөтчүлөр менен кагылышуудан кийин адамдарга ок чыгарган. Фарс провинциясынын губернаторунун орун басары Эсмаил Гезел Софла […]

Сизге жагышы мүмкүн