ЖОЖдорго кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат

Автор

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.
Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: Так макулдашмайынча ок атышууну токтотуу мүмкүн эмес

Россиянын президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөр башталмайынча жана Киев менен так макулдашууларга жетишмейинче Украинадагы ок атууну токтотуу мүмкүн эмес экенин билдирди. Путин Астанада журналисттер менен баарлашуу учурунда Россия ок атууну токтотууга макул боло албасын, Украина тараптын жоопкерчилигине ишенбей турганын айтты. «Биз душман ок атууну токтотуудан пайдаланып, курал-жарагын толуктап, зордук-зомбулук мобилизация жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн