ЖОЖдорго кабыл алуунун бешинчи туру өтөт

Автор

Кыргызстанда 14-август саат 8:00дөн 16-август саат 14:00го чейин Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун бешинчи туру өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖОЖдордо бош орундар болсо 21-22-23-августта саат 9:00дө кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси жайгаштырылат.

“ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталгандардын тизмесине киргизилген абитуриент бир сутканын ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөөдөн 23 адам жаракат алды

Түркиянын Малатья провинциясында дагы олуттуу жер титирөөлөр болду. AFAD өзгөчө кызматы жер титирөөнүн күчү 5,3 баллга жеткенин, очогу Малатиянын Эсилюрт аймагында болгонун билдирди. Жер титирөө саат 20:48де 7 чакырым тереңдикте болгон. Өкмөт 23 киши жеңил жаракат алганын, алардын айрымдары урандылардын астына калуудан коркуп балкондон секиргенин билдирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн