ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого балл белгилүү болду

Автор

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-2025-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого балл боюнча буйругу бекиди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.
Ал эми Педагогикалык билим берүү багыттары жана “Укук коргоо иши” даярдоо багыттары үчүн гранттык орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы — 120, предметтик тест — 60 болуп бекиди. Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча –115, предметтик тест – 60 балл сакталды.
Саламаттык сактоо багыттары үчүн гранттык квоталарга негизги тест -120 балл, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110 балл, ал эми предметтик тест-60 балл негизинде жүргүзүлөт.
Айыл чарба илимдери боюнча окутуу багыттары үчүн гранттык квоталарга жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл, предметтик тест-60 балл болуп бекитилди.

I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест -100 балл болуп бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. А. Алиев атындагы Академиясына сырттан окуу формасына тапшыруучу абитуриенттер үчүн – 100 балл.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн генерал-лейтенант К. Усенбеков атындагы Аскер институтуна бардык даярдоо багыттарына тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн босого балл – 100 балл болуп белгиленди.

Эскерте кетсек, жогорку окуу жайлардын кабыл алуу жана гранттык комиссиялары мамлекеттик билим берүү грантын алуу конкурсуна, ошондой эле келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларынын конкурсуна босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттерге гана катышууга уруксат берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Азербайжанга кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти. Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат. Делегациянын курамындагылар: тышкы иштер […]

Сизге жагышы мүмкүн