АКШнын Жогорку Соту Колорадо сотунун экс-президент Дональд Трамптын бул штатта президенттикке ат салышуусуна тыюу салган чечимин жокко чыгарды. Бул чечим бүткүл өлкө боюнча колдонулат. Айрым штаттар мындан ары Трампка шайлоого катышууга тыюу сала алышпайт.
«Колорадо штатынын Жогорку сотунун чечимин күчүндө калтырууга болбойт. Бул чечимге бардык тогуз судья макул”,-деп айтылат Жогорку Соттун токтомунда.
Трамп жогорку соттун чечимин АКШнын чоң жеңиши деп атады.
Буга чейин Колорадо штатынын судьялары Трампты козголоңго катышкан расмий адам катары шайлоо бюллетенинде жазылбай турганын билдиришкен.