Кызматын өз ыктыяры менен тапшырып берген Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун ордуна 2 талапкердин ысымы айтылууда. Алар Медербек Сатиев менен Шерали Камчыбеков. Маалым болгондой, жакынкы күндөрү Соттор Кеңеши аталган талапкерлер боюнча жыйынга чогулушмакчы.
Медербек Сатиев 2013-жылы 1-Май райондук сотунун судьясы болуп эмгектенген. Ал ошол кезде камакта жатышкан Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду актап, өзү да кызматтан кеткен.
Учурда Жогорку Соттун судьясы.