Жогорку Соттун төрагасынын 4-орун басары пайда болот

Автор

Эми Жогорку соттун төрагасынын төртүнчү орун басары кызмат орду пайда болот. Бул боюнча мыйзам долбоору парламентте колдоо тапты.
Белгилүү болгондой, жаңы кызмат орун Жогорку Соттогу 31 судьянын ичинен тандап алынып, ал сот тутумунун санариптештирүү тармагын ишке ашырат.
Ал кызматты түзүүгө бюджеттен кошумча 4 млн 653,2 миң сом каралат. Анын 3 млн 446,8 миң сому жаңы кызматтык унаа алууга, 250 миң сому күйүүчү майга, 772,4 миң сом айдоочусу менен катчысынын айлыгына чегерилет. Өзүнө айлык төлөө үчүн жылына кошумча 162 миң сом керектелип, жылдык маянасы 2 млн 59 миң сомду түзөт. Ошондо ал айына 185 миң сом айлык алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда катуу суук башталды

Якутияда быйылкы суук мезгил башталгандан бери биринчи жолу температура 30 градуска чейин төмөндөдү. Мындай көрсөткүч Якутиянын Усть-Янск улусундагы Депутатский шаар тибиндеги айылда катталган. Мурда синоптиктер Якутиянын түндүк-чыгышында 16, 17 жана 18-октябрь түндөрү 30 градуска жеткен сууктар болорун билдиришкен. Региондун түндүгүндө суук 18 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул күндөрү аймактын бардык […]

Сизге жагышы мүмкүн