Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыев сунушталды

Автор

Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги каралды. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

Судьялар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдошту.

«Конституциянын 70-беренесине ылайык, Президент Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын бир мөөнөткө, 5 жылга дайындайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын дайындоого президент тарабынан сунушталган талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынан ашыгынын добушу керек», — деп басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жамалбек Ырсалиев: “Түркиядан 35 автобус алынып келинет”

Бишкекте жалпы 1376 автобус бар. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди. Анын айтымында, күн сайын каттамга 1070 автобус, 108 троллейбус чыгат. Ал эми 20-ноябрга чейин Түркиядан 35 автобус алынып келинет. «Манас аэропортуна каттаган №153 автобус сыяктуу жаңы автобустар, экспресс-автобустар болот. Анткени, бардык автобекеттер шаардын сыртына жылдырылып, […]

Сизге жагышы мүмкүн