“Биздин ишибиз карапайым калкка шарт түзүү. Эгер кимдир бирөөлөр алардын жеңил турмушуна тоскоолдук кылып жатса, анда аны жоюу биздин милдетибиз”,- деп билдирди УКМК төрагасы. Ал көп жылдан бери эффективдүү күрөш жүрбөй, калкты эзип келаткан тармак катары насыялардын пайыздарынын жогорулугуна басым жасады. Аны бүгүнкү күнү ломбарддар ишке ашырып жатканын айтты. “Ломбарддардын берген пайыздары төбө чачты тик тургузат. Алар жүздөгөн пайыздар менен берет. Аларга үйүн, малын-мүлкүн алдырып койгондор бар. Мындан ары ломбарддар 30 пайыздан ашырбайт. Ашыргандар мыйзам чегинде жоопко тартылышат”,- деди. УКМК төрагасы жогорку пайыздык чен менен кызмат көрсөтүшкөн кээ бир ломбарддардын атын атады.
Алар төмөндөкүлөр:
1. “Сотовый оператор О деньги” 244 пайыз менен берет
2. МФК “Заман Финанс”
267 пайыз менен берет
3. Ломбард “Элдик Капитал” 267 пайыз менен акча берет
4. ЭКК “Достукча Акчамат” 378 пайыз менен берет
5. МФК “АБН” 104 пайыз менен берет.
“Бул түздөн түз элди тоноо. Бул да улуттук коопсуздукка таасирин тийгизет. Андыктан, ушул боюнча иш алып баргыла”,- деп тапшырма берди Камчыбек Ташиев.