Жогорку кызматка талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы жобо бекитилди

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын президенти, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы тескемеси менен өлкө жетекчилиги тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилген.
Бул Жобо жогоруда аталган номенклатурага кирген кызмат орундарына талапкерлерди тандоо маселелерин жөнгө салат. Тактап айтканда, тиешелүү талапкерди кароо максатында киргизиле турган документтердин тизмеси каралган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президентинин 2024-жылдын 27-августундагы тескемеси менен талапкерге байланыштуу толук маалыматтар чагылдырылган резюменин жаңы форматы бекитилген.
Резюменин жаңы форматы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
– туулган жери;
– жашаган жери;
– билими;
– биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.
Өлкөнүн жетекчилигине тандоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы резюменин ушул форматын жетекчиликке алууну өтүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2024: Ат чабыш боюнча кыргыз курамасынын тизмеси

Үстүздөгү жылдын 8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат чабыш боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 5 чабандес өлкө намысын коргойт. Курама команданын тизмеси: Жорго салыш: – Абдулазим Дастан уулу; – Ислам Кубанычбек уулу; […]

Сизге жагышы мүмкүн