Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусундагы селден жабыркагандарга жардам берет

Автор

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-сентябрдагы жалпы жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Гүлкан Молдобекова Ысык-Көл облусунда катталган сел кырсыгынын кесепеттери жана аларды жоюуга көмөктөшүү маселесин көтөрдү.
Ал эми Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусунда катталган селдин кесепети абдан чоң болгонун жана аны жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерден кабары бар экенин белгилеп: “Албетте, төраганын резервдик фондунан каражат бөлүнүп, даректүү жардамдар берилет. Жабыркагандар арасында тактоо иштери жүргүзүлүп, муктаждарга тиешелүү көмөктөр көрсөтүлөт”, – деди.
Эскерте кетсек, өткөн айда нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл жана Тоң райондорунда сел жүргөн. Учурда селден жабыркаган аймактарда тазалоо иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарына 100 троллейбус жөнөтүлдү

Ош шаарына жалпы 100 троллейбус жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды «Кыргызчеттранс-Ош» мамлекеттик ишканасы ташып, жеткирет. Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары троллейбустарды Ош шаарына берүүгө макул болушкан. Бишкек мэриясы калаадагы троллейбустарды электробустарга май айынын бери алмаштырып келет. Ушул маалга чейин 135 троллейбус 11 каттамда эл ташып турган […]

Сизге жагышы мүмкүн