Расмий “Эркин-Тоо” гезитинин мурдагы башкы редактору Сакы Садыков жаңы кызматка дайындалды. Ал мындан ары Жогорку Кеңештин ТҮРКПАдагы өкүлү кызматын аркалайт.
Сакы Садыков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен жакын мамилелеш экени айтылып келет.
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) 2008-жылы Азербайжан, Казакстан Кыргызстан жанаТүркия мамлекеттеринин Парламенттеринин төрагалары кол койгон Келишимдин негизинде, Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн. Анын кеңсээси Азербайжандын Баку шаарында жайгашкан.