Жогорку Кеңеш Палестина маселесин көтөрдү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары  Айбек Осмонов менен Жалалиддин Нурбаев Палестинадагы кыргын боюнча үн катышып, коомчулуктун көңүлүн бурушту. Алардын айтымында, тышкы иштер министрлиги эсеп ачса, ага бардык Кыргызстандыктар каражат которушуп, чогулган каражатты Палестинанын калкына жардам иретинде жөнөтүлмөк. “Кечээ Израил оорукананы бомбалап, жыйынтыгында 800 адам өлдү”,- деп билдирди Жалалиддин Нурбаев. Ал эми Айбек Осмонов “Ыраакы Чыгыштагы мусулман боордоштордун абалы оор. Биз кандай жардам бере алабыз, өкмөт ошол жагын караштырсын”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Иордания төрт тараптуу саммитти жокко чыгарды

Иордания Газа тилкесиндеги кырдаал боюнча 18-октябрга белгиленген төрт тараптуу саммитти жокко чыгарганын өлкөнүн тышкы иштер министри Айман ас-Сафадиге шилтеме берүү менен Al-Jazeera телеканалы билдирди. Жолугушууга АКШнын президенти Жо Байден, Иорданиянын падышасы Абдулла II, Египеттин президенти Абдель-Фаттах ас-Сиси жана Палестинанын башчысы Махмуд Аббас катышмак. Иорданиянын тышкы иштер министринин айтымында, мындай чечим […]

Сизге жагышы мүмкүн