Раим Матраимовдун кылмыштуу уюшкан тобуна мүчө делген мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар четинен аныкталып, кызмат ордунан бошотулууда. Өздүк булактарыбызга билдиришкендей, Жогорку Кеңештин 5 депутатынын мандат маселеси жакынкы күндөрү каралышы мүмкүн. Алардын Матраимов менен болгон мамилелери аныкталып, айрымдарына мурда кылмыш иш козголгону белгилүү болгон. Эми алар боюнча катаал чаралар колдонулуп, мамбюджетке “кустуризация” башталабы?