Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты

Автор

Жогорку Кеңеш мурдагы президент Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтаруудан баш тартты. Мындай чечимди парламент бүгүн, 25-сентябрдагы жалпы жыйында кабыл алды
Буга чейин Аскар Акаев Жогорку Кеңешке кат жолдоп, анда депутаттык комиссия түзүп, «экс» макамын кайтарууну өтүнгөн.Парламенттин тармактык комитети анын арызын карып чыгып, Жогорку Кеңешке Аскар Акаевдин өтүнүчүн четке кагууну сунуштаган. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар Акаевге «экс» макамын кайтаруу үчүн депутаттык комиссия түзүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. Ал 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин бийликтен кулатылган. Акаев өлкөдөн качып, учурда Москва шаарында жашайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда коронавирустун жаңы түрү катталды

Россияда коронавирустун XEC аталышындагы жаңы варианты менен ооруган эки учур Ростов облусунда жана Уфада катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор билдирди. Мекеменин айтымында, туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатат. Роспотребнадзор мурда XEC тез жайылып жатканын, оорунун белгилерине ысытма, тамак оору, жөтөл, жыт сезүүнүн жоголушу, табиттин жоголушу, дененин оорушу, чарчоо, баш оору, мурун бүтүү кирерин […]

Сизге жагышы мүмкүн